Евробиримдик Covid-19 менен күрөшүүнүн алкагында өнөктөш өлкөлөргө каражат бөлдү

Европа Биримдиги жардам пакетин жарыялады.

1394265
Евробиримдик Covid-19 менен күрөшүүнүн алкагында өнөктөш өлкөлөргө каражат бөлдү

Европа Биримдиги жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында өнөктөш өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн 15,6 миллиард евролук финансылык жардам пакетин жарыялады.

Европа комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул чечимди Евробиримдиктин жогорку өкүлү Жозеп Бореллдин чыгаргандыгы, негизги максаттын өнөктөш өлкөлөргө учурдагы медициналык кризисте колдоо көрсөтүү экени белгиленди.

Билдирүүдө 15,6 миллиард евролук каржылык жардамдын өлкөлөрдүн суу жана сантехникалык системалары менен изилдөөлөр, даярдык кубаттуулугун колдоо жана пандемиянын социо-экономикалык таасирлерин азайтууну максаттагандыгы баса белгиленип, 3,25 миллиард евронун Африка өлкөлөрүнө, 3,8 миллиард евронун да Батыш Балкан өлкөлөрүндөгү өнөктөштөргө которула тургандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө көз караштарына орун берилген Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Лейен: «Вирус чек тааныбайт. Бул дүйнөлүк сыноого каршы күчтүү эл аралык кызматташтыкка муктадыгыбыз бар»,-деди.



Тектеш кабарлар