Европа Түркиядан кийинүүдө

Сектор жылдын биринчи жарымында экспорттон 84 миллион доллардан ашуун киреше тапты.

1267649
Европа Түркиядан кийинүүдө

Түркия январь-июнь мезгилинде 162 өлкөгө 3 миллиард 304 миллион 418 миң долларлык токулбаган кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдарды экспорттосо, сатууларда Европа өлкөлөрү биринчи орунда турат.

Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, сектор жылдын биринчи жарымында былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу экспорттон орто эсеп менен 84 миллион доллардан ашуун киреше тапты.

Жылдын алгачкы 6 айында эң көп токулбаган кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдар экспорттолгон өлкө 645 миллион 906 миң доллар менен Испания болду.

Бул сан жалпы экспорттун орто эсеп менен 19 пайызын түздү.

Испаниядан кийин 427 миллион 754 миң долларлык экспорт менен Германия, 293 миллион 237 миң доллар менен Англия, 205 миллион 649 миң доллар менен Нидерландия жана 137 миллион 391 миң доларлык экспорт менен Франция турат.

 



Тектеш кабарлар