Июнь айында Стамбулга келген туристтердин саны өстү

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, быйылкы жылдын 6 айында шаарга 6 миллион 755 миң 300 турист келди.

1862596
Июнь айында Стамбулга келген туристтердин саны өстү

Июнь айында Стамбулга келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 115 пайызга өсүп 1 миллион 470 миң 586га жетти.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, быйылкы жылдын 6 айында шаарга 6 миллион 755 миң 300 турист келди.

Стамбулга июнь айында 1 миллион 470 миң 586, өткөн жылдын тийиштүү айында болсо 684 миң 621 турист келди. Буга ылайык июнь айында туристтердин саны 2021-жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 115 пайызга өстү.

Июнда шаарга аба жолу менен 1 миллион 447 миң 273 киши, деңиз аркылуу 23 миң 313 киши келди.

Июнь айында Стамбулга келген туристтердин арасында немистер 126 миң 507 киши менен биринчи орунду ээледи.

Германиядан кийин 117 миң 169 турист менен Орусия, 99 миң 115 турист менен Иран, 96 миң 604 турист менен АКШ, 59 миң 901 турист менен Англия, 48 миң 142 турист менен Франция, 45 миң турист менен Ирак, 40 миң 57 турист менен Кувейт, 36 миң 290 турист менен Өзбекстан, 33 миң 417 турист менен Иордания, 31 миң 953 турист менен Казакстан, 28 миң 935 турист менен Израиль, 25 миң 443 турист менен Нидарландия жана 25 миң 180 турист менен Италия турат.

Июнь айында Стамбулга 198 өлкөдөн турист келсе, Соломон аралдары, Түндүк Корея жана Микронезиядан бирден киши, Палау жана Тонгадан экиден киши шаарды кыдырды.



Тектеш кабарлар