Илон Маск Tesla компаниясынын акцияларын 6,9 миллиард долларга сатты
Би-Би-Сидеги кабарда акцияларды сатуу өткөн жумада өткөн компаниянын акционерлеринин жылдык чогулушунан кийин 5-9-август аралыгында болгондугу белгиленген.
Tesla жана SpaceX компанияларынын башкы директору Илон Маск электр унаа өндүрүүчүсү Tesla компаниясынын 6,88 миллиард долларлык 7,92 миллион акциясын сатты.
Би-Би-Сидеги кабарда акцияларды сатуу өткөн жумада өткөн компаниянын акционерлеринин жылдык чогулушунан кийин 5-9-август аралыгында болгондугу белгиленген.
Электр унаа өндүрүүчүсү Teslaнын 7,92 миллион акциясын 6,88 миллиард долларга саткан Маск, Twitter социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, эгер Twitter менен сот процессинен утулуп калса, компанияны 44 миллиард долларга сатып алышы мүмкүндүгүнөн акча керек болооорун айтты..
Апрель айында бүтүндөй Твиттерди сатып алуу үчүн 44 миллиард доллар сунуштаган Маск июлдун башында чечимин өзгөрткөн.
Ошондон кийин, Twitter сатып алууну токтоткондугу үчүн Маскты сотко берди.
Октябрдагы сот отурумунда тараптардын жолугушуусу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Шимшек IMF-Дүйнөлүк банк жыйындарына катышат
Дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөр менен мүмкүнчүлүктөр талкууланган Жазгы жыйындар башталды.