IMF глобалдык экономикалык өсүш божомолун жогорулатты
IMF Дүйнөлүк экономикалык күтүүлөр отчетун жаңылады.
Эл аралык Валюта Фонду (IMF) 2021-жылга карата глобалдык экономикалык өсүш божомолун 5,2 пайыздан 5,5 пайызга көтөрдү.
IMF Дүйнөлүк экономикалык күтүүлөр отчетун жаңылады.
Отчетто коронавирустун (Ковид-19) вакцинасына байланыштуу өнүгүүлөр үмүттөрдү арттырганы менен пандемияда жаңы толкундар жана вирустун жаңы түрүнүн экономикалык көрүнүшкө кооптонууну жараткандыгы айтылды.
Ушул жылдын алдыдагы мезгилдеринде иш-аракеттердин вакциналар менен күчтөнө тургандыгына жана бир нече ири экономикаларда кошумча саясат колдоосунун күтүлгөндүгүнө көңүл бурулган отчетто, глобалдык экономиканын 2021-жылы 5,5 пайызга жана 2022-жылы 4,2 пайызга өсүүсүнүн божомолдонгону белгиленди.
IMF акыркы жолу 2020-жылы октябрда дүйнөлүк экономика быйыл 5,2 пайызга өсөт деп божомолдогон болчу.