Ирак мунай зат экспорту үчүн арал курат

Ирактын расмий гезити Эс –Сабахка маалымат берген Басра фирмасынын башкы директору Ихсан Абдулжеббар, долбоор үчүн нидерландиялык бир фирма менен бул айда макулдашуу келишимин түзө тургандарын белгилеп өттү.

1263701
Ирак мунай зат экспорту үчүн арал курат

Ирак, чийки мунай зат экспортун арттыруу үчүн Перс булуңунун түндүгүнө арал салууну пландап жатат.

Ирактын расмий гезити Эс –Сабахка маалымат берген Басра фирмасынын башкы директору Ихсан Абдулжеббар, долбоор үчүн нидерландиялык бир фирма менен бул айда макулдашуу келишимин түзө тургандарын белгилеп өттү.

Абдулжеббар, учурдагы долбооруна караганда аралдын бир күндө 2 миллион баррель чийки мунай зат экспорттоо жана 6 миллион баррель болсо чогултуу көлөмүнө ээ боло турганын айтты.

Долбоор үчүн эң акырында боло турган тендердин мазмунуна экономика, инвестиция, логистика жана инженердик сыяктуу бардык деталдардын орун ала турганына токтолгон Абдулжеббар, аты аталган тендердин чыгымы туурасында болсо маалымат берген жок.

Ирактын мунай зат министрлиги, өткөн айда 111 миллион 706 миң баррель чийки мунай зат экспорттолгонун жарыялады. Багдад бийлиги мунай зат экспортунун чоң көлөмүн арал курууну пландаган Перс булуңунан ишке ашырат.



Тектеш кабарлар