Ирактын Мосул шаарындагы эл аралык аэропортту эки түрк фирмасы оңдойт

Бул тууралуу Мосул губернатору Нежим эл-Жуббури басма сөзгө берген маалыматында айтты.

1866317
Ирактын Мосул шаарындагы эл аралык аэропортту эки түрк фирмасы оңдойт

Ирактын Мосул шаарындагы эл аралык аэропортту эки түрк фирмасы оңдой турганы кабарланды.

Мосул губернатору Нежим эл-Жуббури басма сөзгө берген маалыматында Мосул аэропортунун оңдоо иштеринин «TAV курулуш and 77 Курулуш» эл аралык тажрыйбалуу өнөктөштүгүнө берилгенин айтты.

Жуббури, мурда ички каттамдар үчүн колдонулган Мосул аэропортунун эл аралык аэропортко айландырылганын, фирмалар менен келишим түзүлгөнүн билдирди.

Мосул губернатору оңдоо иштери жакын арада башталаарын жана бул аэропорт Мосулдун жана бүткүл Ирактын дүйнөгө дарбазасы болорун кошумчалады.



Тектеш кабарлар