Казына министри Биржа Стамбулдун мыкты көрсөткүчкө жетишкенин айтты
Берат Албайрак твиттерден берген маалыматында Биржа Стамбулдагы жогорулоо тууралуу билдирди.
1447716
Казына жана финансы министри Берат Албайрак Биржа Стамбулдун апрель - июнь айларында 29, 9 пайыздык жогорулашы менен 11 жылдын эң мыкты көрсөткүчүнө жетишкенин жарыялады.
Берат Албайрак твиттерден берген маалыматында Биржа Стамбулдагы жогорулоо тууралуу билдирди.
Түркияга жана базарларга ишеним күн өткөн сайын артканын баса белгилеген Албайрак : «Биржа Стамбул апрель - июнь айларында 29, 9 пайыздык жогорулоо менен базарларда оң багытта 11 жылдын мыкты көрсөткүчүнө жетишти. Капитал базарлары да Түркия да өсөт»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.