Казына жана финансы министри Берат Албайрак : "Экономика өсөт"
Албайрак ТРТ Хабердеги программада журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Казына жана финансы министри Берат Албайрак : «Ковид - 19 эпидемиясына карабастан бул жылды позитивдүү өсүү менен жабабыз»,- деди. Албайрак ТРТ Хабердеги программада журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ковид - 19 эпидемиясында салыктарды кечеңдетүүлөрдөн, ликвиддүүлүк муктаждыктарды канааттандыруу жана жумушсуздукка тыюу салуудан, кыска мөөнөттүү эмгек акысы төлөмү менен жумуш бергендердин колдоого алынышына чейин ташталган кадамдарга көңүлдөрдү бурган Албайрак : «Түркия дүйнөгө салыштырганда өсүүдөн баштап жумушсуздукка чейин бир топ тармакта эң аз таасирленген өлкө болот. Бул кризис болбогондо экономикалык өсүү 5 пайызга жете турган жыл болмок. Бирок бул кризиске карабастан 5 пайыздык, 8 пайыздык, 10 пайыздык кичирейүү эмес, позитивдүү өсүү менен жаба турган жыл болушу үчүн аракет кылуудабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Шимшек IMF-Дүйнөлүк банк жыйындарына катышат
Дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөр менен мүмкүнчүлүктөр талкууланган Жазгы жыйындар башталды.