Коронавирустун экономикалык таасири

Кристин Лагард бул боюнча эскертти.

1354297
Коронавирустун экономикалык таасири

Европанын Борбордук банкынын төрайымы Кристин Лагард, жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын дүйнөлүк экономикалык белгисиздикке алып келе турган таасирлеринен сак болууга чакырды.

Франциянын борбор шаары Париждеги сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Лагард: «АКШ менен Кытайдын ортосундагы соодалык согуш коркунучу азайган сыяктуу көрүнсө дагы коронавирус буга жаңы белгисиздик катмарларын кошууда»,-деди.

Бир тараптан Германиянын борбор шаары Берлиндеги конференцияда сөз сүйлөгөн Европанын Борбордук банкынын башкы экономистти Филип Лейн жаңы типтеги коронавирустун экономикалык таасиринин, мунун канчалык тез жайыла турганына байланыштуу болоорун белгиледи.



Тектеш кабарлар