Ковид - 19 эпидемия мезгилинде дүйнөгө Түркиянын кургатылган жемиштери экспорттолду

Түркия 606, 5 миллион долларлык кургатылган жемиш экспорттоду.

1450815
Ковид  - 19 эпидемия мезгилинде дүйнөгө Түркиянын кургатылган жемиштери экспорттолду

Жаңы тип коронавирус менен күрөшүү болуп жаткан 2020 – жылдын биринчи жарымында Түркия 606, 5 миллион долларлык кургатылган жемиш экспорттоду.

Түркия экспортчулар парламентинен берилген маалыматка караганда жылдын биринчи жарымында  тармактын эң көп экспорт кылган продукциясы 222, 1 миллион доллар менен данексиз мейиз болду.

Анын артынан 114,9 миллион доллар менен кургатылган өрүк, 90,4 миллион доллар менен кургатылган анжир, 81 миллион доллар менен антеп мистеси, 70 миллион доллар менен бадам келди.

Ошол эле мезгилде 15, 3 миллион долларлык жаңгак, 8,6 миллион долларлык өрүк, 7,5 миллион долларлык леблеби, 6,5 миллион долларлык  карагай жаңгагы, 3,5 миллион долларлык кургатылган алма жана 707 ,6 000 долларлык кургатылган кара өрүк экспорттолду.



Тектеш кабарлар