Кунстун «Коен» айкели рекорддук баага сатылды

Бул айкел "Кристи" аукцион үйүндө сатууга коюлду.

1202399
Кунстун «Коен» айкели рекорддук баага сатылды

Америкалык скульптор Жефф Кунстун дат баспаган болоттон жасаган «Коен» аттуу айкели 91,1 миллион долларлык рекорддук баага сатылды.

Коен айкели, АКШнын Нью-Йорк шаарындагы "Кристи" аукцион үйүндө сатууга коюлду. Бул айкел эң кымбат баага сатылган чыгарма болуп саналат.

Америкалык скульптор Кунстун «Коен» айкели, англиялык сүрөтчү Дэвид Хокнинин «Өнөрпоздун портрети» аттуу картинасынын рекордун да тартып алган болду.

Хокнинин картинасы ноябрь айында 90,3 миллион сатылган болчу.

Жефф Констун 1986-жылы жасаган «Коен» айкели "Кристи" аукцион үйү тарабынан 20-кылым искусствосунун «эң иконикалык» чыгармаларынын бири деп сыпатталган эле.

 



Тектеш кабарлар