Кытай менен АКШ жаңы соода келишимине кол коет

South China Morning Post гезитинин кабарына караганда Пекин башкаруучулугу 2 жылдын ичинде АКШдан 200 миллиард доллардык импорт жасоо убадасын берди.

1341333
Кытай менен АКШ жаңы соода келишимине кол коет

Кытайдын АКШ менен бүтүрүп жаткан биринчи баскычтагы соода келишиминин алкагында 200 миллиард доллардык экспорт убадасын бергени маалымдалды.

South China Morning Post гезитинин кабарына караганда Пекин башкаруучулугу 2 жылдын ичинде АКШдан 200 миллиард доллардык импорт жасоо убадасын берди.

Кытай, бул импортту тейлөө, айыл чарба жана өнөр жай тармактарында жасамакчы.

Бул тармактардын арасында 75 миллиард доллар менен өнөр жай алдыңкы орунда турса, Кытай ушул алкакта 50 миллиард доллардык энергетика, 40 миллиард доллардык айыл чарба продукцияларын жана 35 миллиард доллардык тейлөө кызматын алат.

АКШ менен Кытайдын ортосунда биринчи баскычтагы соода келишимине ушул аптада кол коюлушу күтүлүүдө.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода согушу, АКШнын президенти Дональд Трамптын 2018-жылы мартта Кытайдан импорттогон айрым  товарларга киргизген кошумча бажы салыгы тарифтери менен башталган болчу.



Тектеш кабарлар