Кытайда алгачкы сүзүп жүрүүчү атомдук станциясынын курулушу башталды

Станциянын 1,4 миллион юуанга (202 миң доллар) салына турганы жана долбоордун алгачкы платформасынын 20121-жылы ишке кире турганы жарыяланды.

1081869
Кытайда алгачкы сүзүп жүрүүчү атомдук станциясынын курулушу башталды

Кытайдын алгачкы сүзүп жүрүүчү атомдук станциясынын курулушу өлкөнүн чыгышындагы Шаньдун провинциясынын Яньтай шаарында башталды.

Станциянын 1,4 миллион юуанга (202 миң доллар) салына турганы жана долбоордун алгачкы платформасынын 20121-жылы ишке кире турганы жарыяланды.

Станция менен бирге жээк шаарларына, аралдарга, «offshore» иш платформаларына жана уюл аймактарына таза энергия камсыздала турганы көздөлүүдө.

Qilu Evening News тарабынан берилген жаңылыкта бул курулуштун Кытайдын деңиз стратегиясын жана коопсуздугун гарантияга алыш үчүн таштаган маанилүү кадам болгону баса белгиленген.

Долбоордун башында турган Кытайдын атомдук фирмасы (CNNC) жана Яньтай өкмөтүнүн ортосунда ачык энергия менен камсыз кылуучу курама платформа жана бассейин түрүндөгү төмөнкү ысыктыктагы реактор курулушу боюнча биргелешкен иштер үчүн келишим түзүлдү.

CNNC болсо бассейин түрүндөгү сыноо реакторлору жаатында акыркы 50 жылда жасалган иштерге таянып «Yanlong» аттуу бир реактордун алдын ала долбоорунун сентябрь айында бүткөрүлгөнүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар