Кытайда кагаз акчалар дезинфекцияланууда

Колдонулган банкноттор карантинге алынды.

1360730
Кытайда кагаз акчалар дезинфекцияланууда

Кытайда жаңы типтеги коронавирус (Kovid-19) эпидемиясы менен күрөшүүнүн алкагында кагаз акчалар дезинфекцияланууда.

Синхуанын кабарына караганда, Кытайдын Борбордук банкынын билдирүүсүндө, Ковид-19дун дагы да жайылуусуна бөгөт болуу үчүн колдонулган банкноттордун карантинге алынгандыгы кабарланды.

Билдирүүдө ультракызгылт көк нурлар жана жогорку температура менен дезинфекцияланган банкноттордун 7-14 күн кассаларда кала турганы белгиледи.

Банктардын кардарларга керек болгон учурда колдонулбаган жаңы акчаларды бере тургандары баса белгиленген билдирүүдө, карантинге алынган банкноттордун көзөмөл мөөнөтү аяктагандан кийин жүгүртүүгө чыга турганы маалымдалды.

Алгач Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылганы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «чукул абал» жарыялаган болчу.

Кытайда Ковид-19 эпидемиясынын себебинен каза тапкандардын саны 1 миң 771 кишиге, вирусту жуктургандардын саны 70 миң 548 кишиге жетти.



Тектеш кабарлар