Кытайдагы сел каптоолордун кесепеттери

Билдирүүдө селдин кесепетинен бир жарым миллион гектар айыл чарба жерлери зыянга учурап, экономикалык чыгым 5,8 миллиард долларга жеткени айтылды.

1449105
Кытайдагы сел каптоолордун кесепеттери

Жыл башынан бери Кытайда болгон сел кырсыктарынан кеминде 121 адам каза тапты же дайынсыз жоголду.

Кытайдын коммунисттик партиясынын (ККП) расмий жалпыга маалымдоо каражаттарынан  People's Daily гезитине ылайык, Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу министрлигинин билдирүүсүндө, январь айынан бери өлкөнүн 26 аймагында суу ташкыны 19 миллион адамга зыян келтирди.

Билдирүүдө селдин кесепетинен бир жарым миллион гектар айыл чарба жерлери зыянга учурап, экономикалык чыгым 5,8 миллиард долларга жеткени айтылды.



Тектеш кабарлар