Кытайдан Европага сапар алган поезд Анкарага жетти

«China Railway Express» Карс аркылуу Түркияга кирди.

1301345
Кытайдан Европага сапар алган поезд Анкарага жетти

Кытайдан Европага сапар алган жана Мармарайды колдонуп Европага өтө турган алгачкы жүк ташуучу поез баш калаа Анкарага жетти.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Кытайдын Сиань шаарынан жолго чыккан «China Railway Expressтин» бүгүн Анкарага жеткендиги белгиленип: «Бул жагдай, өлкөбүздүн чыгыш менен батыштын ортосундагы байланышты бекемдөөгө карата аракетинин акыркы мисалы болуп саналат», делди.  

Кытайдан сапар тарткан алгачкы жүк ташуучу поезд «China Railway Express» Карс аркылуу Түркияга кирди.

Поезд Түркияда Ахылкелек, Карс, Эрзурум, Эрзинжан, Сивас, Кайсери, Кырыккале, Анкара, Эскишехир, Кожаели, Стамбул (Мармарай) жана Капыкуле (Эдирне) багытын колдонот.



Тектеш кабарлар