Кытайга 5 миллион тонна түрк мрамору жөнөтүлдү

2019-жылы 113 миллион 750 миң долларлык мрамор экспорттолду.

1256062
Кытайга 5 миллион тонна түрк мрамору жөнөтүлдү

 

Түркиядан Кытайга өткөн жылы 5 миллион тонна блок мрамор жөнөтүлдү.

Мрамор өндүрүүдө 3 миң жылдан ашык тарыхы бар Афионкарахисардын Исжехисар районунда, 500гө жакын мрамор ишканасында өндүрүлгөн «Афион мрамору» эң биринчи Кытай, Индия, АКШ, Ирак, Франция, Бириккен Араб Эмирликтери жана Сауд Арабия менен катар 120 өлкөгө экспорттолууда.

Афионкарахисардын Соода жана өнөр жай палатасынын көрсөткүчтөрүнө караганда, 2018-жылы 109 миллион 250 миң доллар, 2019-жылы болсо 113 миллион 750 миң долларлык мрамор экспорттолду.



Тектеш кабарлар