Мега яхталар Бодрумда якорь таштады

Белгилүү мега яхта  "Cloudbreak" Ялыкавак мааласына жакын жерде якорь таштады.

1446209
Мега яхталар Бодрумда якорь таштады
bodrum mega yatlar1.jpg
bodrum mega yatlar.jpg

Түштүк Эгейдин көрүнүктүү туризм борбору Мугланын Бодрум районунун белгилүү буулуңдарында мега яхта кыймылы башталды.

Женнифер  Лопес, Хайди Клум, Жулия Робертс сыяктуу дүйнөгө белгилүү жылдыздар  эс алуу үчүн колдонгон 75 метр узундуктагы мега яхта  "Cloudbreak" Ялыкавак мааласына жакын жерде якорь таштады.

Мега яхтанын дүйнөнүн эң кыйын деңиздеринде жана эң алыс булуң  - бурчтарына саякатка чыга ала турган, болоттон жасалган корпусу, аскердик стили менен көңүлдөрдү бурган бир көрүнүшкө ээ экени байкалды.

Яхтада тик учар жана бассейин, жакузи, спа, спорт залдары, суу спорттору, кино зал сыяктуу бир топ мүмкүнчүлүктөр бар.

Кайман желектүү 55 метр узундуктагы «Илерия» аттуу яхта да ошол эле булуңга якорь таштады. Ичинде кимдердин бар экени белгисиз  люкс яхталарга чоң кызыгуулар болуп жатат.



Тектеш кабарлар