Мейиз экспорту

Түркиянын данексиз мейиз экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 14 пайызга өсүп 516 миллион 200 миң долларга жогорулады.

1265052
Мейиз экспорту

Түркиянын данексиз мейиз экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 14 пайызга өсүп 516 миллион 200 миң долларга жогорулады.

Эгей экспортчулар ассоциациясынын маалыматтарына караганда Түркия данексиз мейизде экспорт сезону башталган 2018 -  жыл 1 -  сентябрынан баштап сезон акырына чыккан 2019 -  жыл 31 -  августка чейинки бир жылдык мезгилде 99 өлкөгө 516 миллион 200 миң долларлык 252 миң тонна мейиз экспорттоду.

Бул мезгилде эң көп мейиз экпорту 141, 8 миллион доллар менен Британияга жасалды. Британиядан кийин Германия менен Нидерландия келди.

Европа Биримдигинен 26 өлкө Түркиянын мейиз экспортунун 77 пайызын түздү. 26 Европа Биримдиги өлкөсүнө 399, 8 миллион долларлык сатуу ишке ашты.



Тектеш кабарлар