Мейиздин экспорту

Түркия эң көп Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнө мейиз экспорттоду.

1200151
Мейиздин экспорту

Түркиянын мейиз экспортунда эң көп өсүү Кытай, Япония, Түштүк Корея сыяктуу Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүндө болду.

Эгей экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, Түркия 2017-жылдын сентябрь айынан 2018-жылдын май айына чейин 201 миң 408 тонна мейиз экспорттоп, андан 318 миллион 358 миң долларлык пайда тапты.

Мейиздин экспортунда 101 миллион 988 миң доллар менен Англия биринчи орунду ээледи.

Андан кийин 45 миллион 956 миң доллар менен Германия жана 39 миллион 213 миң доллар менен Нидерландия турат.

Экспорттоодо эң көп өсүү болсо Ыраакы Чыгышта болду.

Кытайга мейиз экспорту бул мезгилде 120 пайыз өсүп, 3 миллион 991 миң долларга жетти.

Японияга болсо 10 миллион 969 миң мейиз экспорттолду.

Түркия Таиландга 1 миллион 261 миң доллар, Түштүк Кореяга болсо 1 миллион 103 миң долларлык мейиз экспорттоду.



Тектеш кабарлар