Меркель:«Пандемия алдыдагы айларда жана жылдарда жашообузга таасирин тийгизе берет»

Германиянын канцлери Ангела Меркель, Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун (WEF) «2021 Давос күн тартиби» жумасында сөз сүйлөдү.

1571674
Меркель:«Пандемия алдыдагы айларда жана жылдарда жашообузга таасирин тийгизе берет»

Германиянын канцлери Ангела Меркель коронавирустун жаңы түрүнөн чыгуу (Ковид-19) күтүлгөндөй кыска мөөнөткө созулбай турганын баса белгилеп,«Пандемия алдыдагы айларда жана жылдарда жашообузга жана иштерибизге таасирин тийгизе берет»,- деди.

Меркель, Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун (WEF) «2021 Давос күн тартиби» жумасында сүйлөгөн сөзүндө, Ковид-19 эпидемиясынын глобалдык жеткирүү тармагындагы алсыздыкты ачканын айтып,«Жеткирүү чынжырларын кыйла күчтөнтүү керек»,- деди.

BioNTech / Pfizerдин Сovid-19 вакцинасын 12 айдын ичинде өндүрүүсү жөнүндө Меркель, адамзат чоң илимий жетишкендиктерге жетишкендигин жана бул болсо эпидемиядан чыгуунун жолун көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ангела Меркель, глобалдашуу менен өлкөлөрдүн канчалык байланышы болгонун жана табигый дүйнөнүн бир бөлүгү катары адамзаттын коргоосуздугун Ковид-19 кризисинен алына турган сабактар катары тизмеледи.

Адамзаттын бир гана планетада жашаганына токтолгон Меркель, Ковид-19 сыяктуу учурда болуп жаткан кризисте өлкөлөрдүн жана адамдардын изоляциясынын ийгиликсиз болгонун түшүндүрдү.

Дүйнөлүк көп тараптуу мамиле эпидемиянын ден-соолукка жана экономикага тийгизген таасирин азайтууга жардам берерин баса белгилеген Меркель, дүйнөдө Ковид-19га каршы вакциналарды «акыйкат» таратууга чакырды.

Меркель, Ковид-19 кризисинде өз өлкөсүнүн «күчтүү» жана «алсыз жактарын» билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун билдирип, Германияда Ковид-19дан мурун жүргүзүлгөн катуу фискалдык саясат аларды кризисте экономикага жардам берүү жагынан колдогонун түшүндүрдү .

Меркель Дүйнөлүк Соода Уюмун (ДСУ) адилеттүү сооданын негизи катары сыпаттап, анын өлкөсү Дүйнөлүк Соода Уюмунун чыңдалышы үчүн лобби жасай тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар