Министр Албайрак: «Дүйнөлүк компаниялардын Түркия сыяктуу өнөктөштөргө муктаждыгы бар»
Албайрак видеоконференция аркылуу чет элдик инвесторлор менен сүйлөштү.
Казына жана каржы министри Берат Албайрак, дүйнөлүк компаниялардын Түркия сыяктуу өнөктөштөргө муктаж экендигин айтты.
Эл аралык инвесторлор менен видеоконференция аркылуу жолуккан Албайрак: «Көптөгөн трансулуттук компаниялар өндүрүштөрүн Азиядан биздин аймакка багыттай башташты»,- деди.
Албайрак, бул мезгилде дүйнөлүк компаниялардын Түркия сыяктуу, чет элдик компанияларга карата калыс, шокторго туруштук берген, ишенимдүү, динамикалуу өнөктөштөргө муктаж экендигин билдирди.
Министр Албайрак: «Түркия, инвесторлорго күчтүү өндүрүштүк базасы, билимдүү кадрлары, стратегиялык абалы жана логистикалык инфраструктурасы менен уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоодо»,- деп айтты.
Берат Албайрак, Түркиянын талашсыз күчтүү жактарынын; логистикалык артыкчылыгы, 3 континенттин кесилишинде жайгашканы, жаш калкы жана билимдүү жумушчу күчү экенин атап өттү.
Казына жана каржы министри Албайрак: «Түркия- экономикалык өсүүсү, 20 жылдын ичинде 3 эсе көбөйгөн ички дүң продукциясы (ИДП), сатып алуу күчү арткан күчтүү жана ири рынок болуп саналат»,-деди.
Албайрак, Түркиянын Бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча рейтингде тездик менен алдыңкы катарларга жылышы менен бирге чет элдик инвесторлор үчүн да көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенин айтты.