Министр Болат Германияда

Өмер Болат Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн чакан жана орто ишканалардын келечегине байланыштуу иш-чарада сөз сүйлөдү.

2115368
Министр Болат Германияда

Соода министри Өмер Болат Европа Биримдиги (ЕБ) менен Бажы биримдигин жаңылоого чакырды.

Өмер Болат Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн чакан жана орто ишканалардын келечегине байланыштуу иш-чарада сөз сүйлөдү.

Түркия экономикасында инвестиция, өндүрүш, жумуш менен камсыз кылуу жана экспорттун өсүүсүн улантканын баса белгилеген Болат, экспортто да ушундай көрүнүштүн болгонуна көңүл бурду.

Германия менен көп тараптуу экономикалык карым-катнаштардын инвестиция тармагында да күчтөнгөнүн айткан  Болат: «Түркия Ковид-19 пандемиясы, Орусия-Украина согушу жана Суэц каналы кризиси учурунда Европа менен Германиянын өнөр жайы үчүн камсыздоо чынжырлары жана логистика жагынан ишенимдүү өнөктөш экенин далилдеди»,-деди.

Болат Түркиянын туристтердин саны боюнча дүйнөдө төртүнчү, туризм кирешесинде болсо жетинчи орунда экенин маалымдады.

Европа Биримдигине мүчө болуу перспективасынын Түркиянын стратегиялык максаты болууну улантып жатканын баса белгилеген Болат, Евробиримдик менен Бажы биримдигин жаңылоого чакырды.

Министр Болат Бажы биримдигин жаңылоодо Германия өкмөтүнүн жана бизнес дүйнөсүнүн күчтүү колдоосунун абдан маанилүү экенин айтты.

Соода министри Өмер Болат Германиядан кийин Англияда да ишкерлер менен жолугушат.

Лондондогу жолугушууларда, эки өлкөнүн ортосундагы эркин соода келишимин жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталаары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар