Министр Пекжан июль айында экспорт жогорулаганын маалымдады

Соода министри Рухсар Пекжан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, экспорттун учурдагы эсеп тартыштыгын азайтууга салым кошуп, Түркиянын экономикасынын өсүшүндө кыймылдаткыч күч бойдон кала бергенин баса белгиледи.

1466826
Министр Пекжан июль айында экспорт жогорулаганын маалымдады

Түркиянын экспорту июль айында июнь айына салыштырмалуу 11,5 пайыздык өсүү менен 15 миллиард 12 миллион доллар болду.

Соода министри Рухсар Пекжан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, экспорттун учурдагы эсеп тартыштыгын азайтууга салым кошуп, Түркиянын экономикасынын өсүшүндө кыймылдаткыч күч бойдон кала бергенин баса белгиледи.

Министр Пекжан, коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясынан кийин экспорттун калыбына келиши июлда ылдамдап улангандыгын белгиледи.

Июль айындагы экспорттун өткөн айга салыштырмалуу 11,5 пайыз өсүү менен 15 миллиард 12 миллион долларга жеткендигин түшүндүргөн Пекжан, Ковид-19 эпидемиясынын алдындагы деңгээлден ашып, 2020-жылдын эң жогорку көрсөткүчүнө жеткенин жана ушул күнгө чейин эң жогорку экинчи июль экспортунун көрсөткүчү ишке ашканын айтты.

Эпидемиядан кийин июль айында экспорттун негизги тармактарындагы өсүү тенденциясын белгилеген Пекжан, автомобиль тармагындагы экспорт өткөн айга салыштырмалуу 10,1 пайыз, даяр кийим 41 пайыз жана текстиль 18,5 пайыз жогорулагандыгын айтты.

Европа Биримдигине экспорттун мурунку айга салыштырмалуу 12,8 пайызга жогорулаганын белгилеген Пекжан, июль айында эң көп экспорт жасалган өлкөлөрдүн 1 миллиард 458 миллион доллар менен Германия, 963 миллион доллар менен Англия жана 942 миллион доллар менен Америка болгонун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар