"Мона Лиза" картинасынын репликасы рекорддук баага сатылды
Картинанын көчүрмөсү аукциондо 2 миллион 900 миң еврого сатылды.
1661163
Франциянын борбор шаары Парижде италиялык сүрөтчү Леонардо Да Винчинин белгилүү "Мона Лиза" картинасынын көчүрмөсү аукциондо 2 миллион 900 миң еврого сатылды.
Бул баа Мона Лизанын көчүрмөсү үчүн дүйнөдөгү эң жогорку баа болду.
17-кылымда жасалган көчүрмөсү биринчи жолу 1953-жылы Франциядагы антиквардык дүкөндө сатылган.
Мона Лизаны сатып алган адам көп жылдар бою анын көчүрмөсүнүн түпнуска экенин айтып келди.
Бирок картинаны карап чыккан эксперттер айтымдардын чындыкка дал келбегенин билдиришти.
11-июнда сатыкка коюлган реплика картина 200-300 миң еврого бааланган.