Өнөр жай өндүрүшү сентябрь айында өстү
Өнөр жай өндүрүшү сентябрь айында айлык базада 3, 2 пайыз, жылдык базада да 3, 4 пайыздык катнашта өстү.
Өнөр жай өндүрүшү сентябрь айында айлык базада 3, 2 пайыз, жылдык базада да 3, 4 пайыздык катнашта өстү.
Түркия Статистика Мекемеси ТҮИК сентябрь айына байланыштуу өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыктарын билдирди. Ушуга караганда өнөр жай өндүрүшү сентябь айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда 3, 4 пайыз, андан мурунку айга салыштырганда 3, 2 пайызга өстү.
Өнөр жайдын астыңкы сектору иликтенгенде сентябрь айында тоо - кен жана шахта секторунун индекси өткөн жылдын ушул эле айына караганда 5, 7 пайызга, өндүрүү өнөр жай секторунун индекси 3,4 пайыга, электр, газ, буу, климатташтыруу өндүрүшү жана бөлүштүрүү секторунун индекси да 0,4 пайызга өсүү көрсөттү.
Сентябрь айында тоо - кен жана шахта секторунун индекси андан мурунку бир айга караганда 7,5 пайыз, өндүрүш өнөр жай сектору 3,3 пайызга өскөн болсо, электр, газ, буу жана климатташтыруу өндүрүшү жана бөлүштүрүү секторунун индекси 1, 4 пайызга азайды.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.