OPEC дүйнөлүк мунай өндүрүшү өсүп жатканын жарыялады

ОПЕКтин айлык мунай базар отчетуна караганда, топтун күнүмдүк чийки мунай өндүрүшү июль айында өткөн айга салыштырмалуу 162 миң баррелге өсүп, болжол менен 28 миллион 840 миң баррелге жетти.

1866793
OPEC дүйнөлүк мунай өндүрүшү өсүп жатканын жарыялады

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму ( OPEC / ОПЕК) дүйнөлүк мунай өндүрүшүнүн июль айында өткөн айга салыштырмалуу күнүнө 1 миллион 700 миң баррелге өсүп, болжол менен 100 миллион 500 миң баррелге жеткенин билдирди.

ОПЕКтин айлык мунай базар отчетуна караганда, топтун күнүмдүк чийки мунай өндүрүшү июль айында өткөн айга салыштырмалуу 162 миң баррелге өсүп, болжол менен 28 миллион 840 миң баррелге жетти.

ОПЕКтин дүйнөлүк мунай өндүрүүдөгү үлүшү 28,7 пайызды түздү. Бул көрсөткүч өткөн айда 28,8 пайызды түзгөн.

Бул мезгилде ОПЕК алкагында чийки мунай өндүрүү эң көп Сауд Арабия, Кувейт жана Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) өстү.

Чийки мунай өндүрүү эң көп азайган өлкөлөр Венесуэла, Ливия жана Ангола болду.



Тектеш кабарлар