OPECте мунай өндүрүү көбөйдү

OPECтин айлык мунай рыногу отчетуна караганда, февраль айында чийки мунай өндүрүү эң көп Ливия, Нигерия жана Сауд Арабияда өстү.

2114777
OPECте мунай өндүрүү көбөйдү

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (OPEC) чийки мунай өндүрүшү февраль айында өткөн айга салыштырмалуу күнүмдүк 203 миң баррелге көбөйүп болжол менен 26 миллион 570 миң баррелге жетти.

OPECтин айлык мунай рыногу отчетуна караганда, февраль айында чийки мунай өндүрүү эң көп Ливия, Нигерия жана Сауд Арабияда өстү. Өндүрүш эң көп азайган өлкөлөрдүн башында болсо Иран турат. Бул өлкөдөн кийин Ирак, Кувейт жана Экватордук Гвинея бар.  

Күнүмдүк мунай өндүрүү Ливияда 144 миң баррель, Нигерияда 47 миң баррель, Сауд Арабияда 18 миң баррелге көбөйдү. Ошол эле мезгилде мунай өндүрүү Иранда 15 миң баррелге, Иракта 14 миң баррелге, Кувейтте 8 миң баррелге жана Экватордук Гвинеяда 4 миң баррелге азайды.

OPECтин чийки мунай өндүрүшү февраль айында өткөн айга салыштырмалуу күнүмдүк 203 миң баррелге көбөйүп болжол менен 26 миллион 570 миң баррелге жетти.

Ал эми OPEC чийки мунайга болгон суроо-талаптын быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 1 миллион 100 миң баррелге өсүп, суткасына 28 миллион 500 миң баррелге жетээри болжолдонууда. Бул көрсөткүчтүн келерки жылы суткасына 28 миллион 800 миң баррель болоору күтүлүүдө.

Дүйнөдө бургуланган скважиналардын саны өткөн айда 21ге көбөйүп 1885ке жетти. Бургулоочу станоктордун саны OPEC өлкөлөрүндө 7ге, OPECке кирбеген өлкөлөрдө 14кө артты.  



Тектеш кабарлар