Орус мунайынын Украина аркылуу ташылышы бүгүн кайра башталат

Орус мунай кууру оператору Транснефть компаниясынын президентинин кеңешчиси Игорь Демин орус маалымат агенттигине Украина аркылуу мунай ташууну кайра баштоо үчүн иштеп жатканын айтты.

1866278
Орус мунайынын Украина аркылуу ташылышы бүгүн кайра башталат

Орус мунайынын Украина аркылуу Европага ташылышы бүгүн кайра жанданары кабарланды.

Орус мунай кууру оператору Транснефть компаниясынын төрагасынын кеңешчиси Игорь Демин орус маалымат агенттигине Украина аркылуу мунай ташууну кайра баштоо үчүн иштеп жатканын айтты.

Дружба линиясынын түштүк тармагынан бүгүн кайра мунай ташууларынын баштала турганын белгилеген Демин, жүктөрдүн алгач Словакияга, андан соң Венгрияга жете турганын айтты.

Транснефть кечээги билдирүүсүндө Украина санкциялардан улам керектүү төлөмдөрдү төлөй албагандыктан 4-августтан тарта орусиялык мунай ташууну токтотконун билдирген.

Европалык маалымат каражаттарында орун алган кабарда Словакиянын Славнафть жана Венгриянын MOL фирмаларынын жүк ташуулар токтогондон кийин Украинага аталган төлөмдөрдү жасаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар