Орусия, АКШнын жаңы санкцияларына каршы чара көрөт

Орусия, АКШнын жаңы санкцияларына каршы чара көрүүгө даярданууда.

1083653
Орусия, АКШнын жаңы санкцияларына каршы чара көрөт

Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак, АКШнын Орусиянын мамлекеттик карызына карай санкция киргизген учурунда эл аралык платформаларда чечимге каршы чыга тургандарын белгиледи.

Строчак, борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында АКШнын Орусиянын мамлекеттик карызына карай санкция киргизүү пландарына карай акыркы абал тууралуу жаңы маалыматтарга ээ болбогондорун айтты.

АКШнын аты аталган санкция чечимин чыгарган учурунда ар түрдүү эл аралык платформаларда каршы чыга тургандарын белгилеген Строчак: «Эң оболу Чоң жыйырмалык жана Финансылык ырааттуулукту байкоо кеңеши сыяктуу платформаларда АКШ башкаруучулугунун чечимине каршы чыгабыз»,-деп айтты.

АКШнын Казына министрлигинин Орусиянын мамлекеттикк арызына карай процедураларга тыюу салууга жана эң чоң Орусиянын банктарынын доллар менен иш жүргүзүүсүн чектөөгө карай санкцияларды үстүбүздөгү айдын ичинде процесске киргизе тургандары билдирилген.


Этикеткалар: #Орусия , #АКШнын

Тектеш кабарлар