Орусия доллар менен карыз албайт

Антон Силуанов журналисттерге маалымат берди.

1268602
Орусия доллар менен карыз албайт

Орусия 2020-жылы АКШ доллары менен тыштан карыз албайт.

Орусиянын вице-премьери жана каржы министри Антон Силуанов борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында, 2019-жылдын аягына чейин тыштан карыз алууну пландабагандарын айтты.

Келээрки жылга карага пландоодо доллардан алыс боло тургандарын түшүндүргөн Силуанов: «2020-жылы доллардан тышкаркы акча бирдиктеринен, ыктымалуу түрдө евро же балким юань менен карыз алабыз»,-деп айтты.

Орусиянын Борбордук банкынын көрсөткүчтөрүнө караганда, өлкөнүн эл аралык резервдеринде доллардын үлүшү өткөн жылы 2017-жылга салыштырмалуу 23,1 балл төмөндөп 22,7 пайызга кыскарса, евронун үлүшү 10 баллдык жогорулоо менен 31,7 пайызга, юандын үлүшү 11,4 баллдык өсүү менен 14,2 пайызга көбөйдү.



Тектеш кабарлар