Орусиядан келген "Түрк агымы" жаратылыш газ кууру Кыйыкөйгө жетти

Кыркларелинин губернатору Осман Билгин,«Түрк агымы долбоорунун кууру менен жаратылыш газ ташуу боюнча фирманын иш-аракет уруксатын өткөрүү аземинде» сөз сүйлөдү.

1293570
Орусиядан келген "Түрк агымы" жаратылыш газ кууру Кыйыкөйгө жетти

Кыркларелинин губернатору Осман Билгин, Орусиянын жаратылыш газын Европага ташый турган «Түрк агымы» долбоорунун деңиз жана кургактык багытынын курулуу процессинин бүткөрүлгөнүн жарыялады.

Губернатор Билгин, кызмат орундугунда уюштурулган «Түрк агымы долбоорунун кууру менен жаратылыш газ ташуу боюнча фирманын иш-аракет уруксатын өткөрүү аземинде» сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын газын Түркия жана Европага ташый турган 31,5 миллиард куб метрдик «Түрк агымы» деңиз жана кургактык багытынын курулуш иштери бүткөрүлгөндүгүн айтты.

«Түрк агымы» долбоору менен Түркияга чоң киреше түшө турганын белгилеген Билгин: «Бул багыт аркылуу 15-октябрдан тарта газ алына баштады жана Кыйыкөйгө жетти. Түркиядагы курулуш процессинин болсо 99,9 пайызы бүткөрүлдү. Орусия 2018-жылдын октябрынан тарта деңиз куурларын Түркияга жеткирди. 2018-жылдын декабрынан 2019-жылдын январына чейин деңиз тарабынын курулуш иштери бүткөрүлдү. Бул айдан тарта кургактык курулушу бүткөрүлдү»,-деди.



Тектеш кабарлар