Орусияга жасалган экспорт кубантты

Орусияга жасалган экспорттун 39 пайызын мөмө жана жашылчалар түзөт.

1126953
Орусияга жасалган экспорт кубантты

Түркиядан Орусияга 2018 -жылы 3 миллиард 453 миллион долларлык экспорт жасалды.

Бул өлкөгө өткөн жылы 1 миллион 30 миң тонналык мөмө жана жашылча экспорттолуп, 659 миллион 526 миң доллар киреше алынды.

Түркиядан Орусияга өткөн жылы эң көп экспорт жасалган секторлордон автомобиль индустриясы 453 миллион 572 миң доллар менен экинчи, химиялык заттар жана продукциялар болсо 377 миллион 10 миң доллар менен үчүнчү болду.

Бир тараптан Чыгыш Кара деңизден да Орусияга өткөн жылы 1 миллиард 563 миллион 562 миң долларлык нарк менен 1 миллион 342 миң тонна товар экспорттолду. Трабзондон да бул өлкөгө 548 миң 896 тонналык экспорт үчүн 951 миллион 505 миң 265 доллар киреше алынды.

Орусияга жасалган экспорттун 39 пайызын мөмө жана жашылчалар түзөт.



Тектеш кабарлар