Орусиянын туризм секторундагы жоготуусу 37 миллиард рублге жетиши мүмкүн

Орусиянын Тур операторлору биримдигинин (ATOR) төрайымы Мая Ломидзе, интернет аркылуу уюштурган маалымат жыйынында жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы боюнча Орусиядагы туризм секторуна сереп салды.

1385046
Орусиянын туризм секторундагы жоготуусу 37 миллиард рублге жетиши мүмкүн

Орусиянын туризм секторунда жоготуулар 37 миллиард рублге жетиши мүмкүн.

Орусиянын Тур операторлору биримдигинин (ATOR) төрайымы Мая Ломидзе, интернет аркылуу уюштурган маалымат жыйынында жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы боюнча Орусиядагы туризм секторуна сереп салды.

Вирустун себебинен Орусиянын туризминде маанилүү жоготуулар болгонун белгилеген Ломидзе: «Оптимисттик сценрийибизге караганда чет өлкөгө карай эс алуу саякаттары июль айында кайрадан башталат»,-деди.

Пессимисттик сценарийде болсо эс алуу саякаттарынын сентябрь айынан мурда башталбай турганын белгилеген Ломидзе: «Саякаттардын сентябрга чейин ачылбаган учурунда Орусиянын туризм сектору жалпы 37 миллиард рубль (475 миллион доллар) жоготууга учурайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар