Орусиянын тышкы соодадагы ашыкчасы биринчи чейректе артты

Орусиянын Федералдык бажы кызматынын көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1200465
Орусиянын тышкы соодадагы ашыкчасы биринчи чейректе артты

Орусиянын тышкы соода ашыкчасы, үстүбүздөгү жылдын алгачкы чейрегинде 2018-жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 5,8 пайзыга артып 51,1 миллиард долларга жетти.

Орусиянын Федералдык бажы кызматынын көрсөткүчтөрүнө караганда өлкөнүн экспорту, быйыл январь-март мезгилинде 2018-жылдын тийиштүү мезгиине салыштырмалуу 1,4 пайызга жогорулап 104,9 миллиард долларга, импорт болсо 2,4 пайызга азайып 53,8 миллиард долларга түштү.

Орусиянын жалпы соода көлөмү болсо январь-март мезгилинде 2018-жылга салыштырмалуу 0,1 пайыздык өсүү менен 158,6 миллиард долларга жогорулады. Аты аталган мезгилде тышкы соода ашыкчасы да 5,8 пайыздык жогорулоо менен 51,1 миллиард доллар болду.

Дүйнөнүн эң чоң мунай зат жана жаратылыш газ экспортчуларынан Орусиянын экспортунда күйүүчү отун жана энергетика товарларынын үлүшү болсо аты аталган мезгилде 2017-жылга карагаганда 65 пайыздан 66,4 пайызга чыкты.

Орусиянын тышкы соода ашыкчасы 2018-жылы 62 пайыздык өсүү менен 211,6 миллиард долларга жеткен. Орусия, өткөн жылдын экспортунун 87,9 пайызын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин оышындагы өлкөлөрдөн жасаса, экспортунун 89 пайызын КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн жасаган.



Тектеш кабарлар