Орусиянын тышкы соодадагы көрсөткүчтөрү

Орусиянын Федералдык бажы кызматы(FTS) тышкы соода көлөмүнүн көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1125491
Орусиянын тышкы соодадагы көрсөткүчтөрү

Орусиянын тышкы соодадагы ашыкчасы 2018-жылдын январь-август мезгилинде андан мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 65 пайызга артып 191,4 миллиард долларга жогорулады.

Орусиянын Федералдык бажы кызматынын (FTS) көрсөткүчтөрүнө караганда өлкөнүн экспорту, өткөн жылдын 8 айында 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27,5 пайызга жогорулап 410,2 миллиард долларга, импорту да 6,4 пайызга артып 218,8 миллиард долларга жетти.

Ушул мезгилде Орусиянын жалпы соода көлөмү 2017-жылга караганда 19,3 пайызга жогорулап 629 миллиард долларга жетсе, тышкы соодадагы ашыкча 65 пайыздык өсүү менен 191,4 миллиард доллар болду.

Өткөн жылдын 8 айында Орусиянын эң чоң соода өнөктөшү, соода көлөмү андан мурдагы жылга салыштырмалуу 27,3 пайызга артып 98,7 миллиард долларга жеткен Кытай деп катталды.

17,9 пайызга артып 23,2 миллиард долларга жогорулаган соода көлөмү менен Түркия Орусиянын эң чоң бешинчи соода өнөктөшү болду.

Орусиянын Федералдык бажы кызматынан (FTS) берилген маалыматка караганда өлкөнүн тышкы соодадагы ашыкчасы 2017-жылы мурдагы жылга караганда 25,5 пайызга артып 130,6 миллиард долларга жогорулаганы билдирилген.



Тектеш кабарлар