Өзбекстан менен Германиянын ортосунда жалпы көлөмү 4 миллиард доллардык долбоор...

Өзбекстандын мамлекеттик инвестиция комитетинин билдиргенине караганда вице-президент жана мамлекеттик инвестиция комитетинин башчысы Сухраб Халмурадов жетектеген өзбек делегациясы Өзбек-Немис ишкердик форумуна катышты.

1126379
Өзбекстан менен Германиянын ортосунда жалпы көлөмү 4 миллиард доллардык долбоор...

Өзбекстан менен Германиянын ортосунда жалпы көлөмү 4 миллиард доллардык долбоордун ишке ашырылышы боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.

Өзбекстандын мамлекеттик инвестиция комитетинин билдиргенине караганда вице-президент жана мамлекеттик инвестиция комитетинин башчысы Сухраб Халмурадов жетектеген өзбек делегациясы президент Шавкат Мирзиеевдин алдыдагы аптада Германияга жасай турган расмий сапарынын алдында Берлинде өткөрүлгөн Өзбек-Немис ишкердик форумуна катышты.

Германиянын экономика жана энергетика министринин орун басары Экхард Франс жана Халмурадовдун жетекчилигинде өткөрүлгөн форумга көп сандаган өзбек жана немис кызматкер менен ишкерлер катышты.

Эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык, инвестиция, энергетика, тарнспорт, айыл-чарба жана башка тармактардагы кызматташтыктын өнүктүрүлүшү мүмкүнчүлүктөрү каралган ишкердик форумунан кийин эки өлкөнүн фирмаларынын ортосунда жалпы көлөмү 4 миллиард доллардык долбоордун ишке ашырылышы боюнча келишимдерге кол коюлду.

Маалыматка караганда тараптардын ортосунда кол коюлган келишимдер; мунай зат, нефохимия, энергетика, талаа чарба, азык-түлүк, курулуш материалдары жана мейманкана курулуш долбоорлору менен эки өлкөнүн банктарынын ортосунда насыя темаларын камтыйт.

Президент Шавкат Мирзиеев, алдыдагы аптада расмий сапар менен эки жолу Германияга барып жолугушууларды ишке ашырат, айрыкча немис фирмаларынын башкаруучулары менен жолугат.



Тектеш кабарлар