Президент Эрдоган 100 миллиард лиралык экономикалык пакетти түшүндүрдү

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарада өткөн «Коронавирус менен күрөшүү боюнча координация жыйналышынан» кийин сөз сүйлөдү.

1380774
Президент Эрдоган 100 миллиард лиралык экономикалык пакетти түшүндүрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, декабрь айында Кытайда пайда болгон Ковид-19дун Түркияга карай коркунучтарынын эң кыска убакта жоюлушу үчүн мамлекет катары бардык мүмкүнчүлүктөрдүн жумшалганын айтты.

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарада өткөн «Коронавирус менен күрөшүү боюнча координация жыйналышынан» кийин сөз сүйлөдү.

«(Мындан мурда)Жарыяланган чара көрүүлөргө бардыгыбыз бирге кайдыгер карабай баш ийсек, үйдө калуу мөөнөтүн 3 апта менен чектей алабыз»,-деп айткан Эрдоган: «Улутумдун ар бир мүчөсүнөн суранычым Ковид-19 коркунучу өткөнгө дейре мүмкүн болушунча үйлөрүнөн чыкпоолору»,-деп айтты.

Вирустун Түркияга кеч жана чектелген түрдө жайылганын баса белгилеген президент Эрдоган, бул абалдын ушундай уланышы үчүн керектүү бардык аракеттер жумшалганын маалымдады.

Ковид-19 маселесинин экономикалык жактарын дагы алгачкы күндөн тарта жакындан байкагандарын баса белгилеген Эрдоган: «2 айлык туруштук берүү мөөнөтүн эң жакшы түрдө ашып өтө турганыбызга ишенемин»,-деди.

Түркиянын анализ комплектиси темасында дагы абдан жакшы өндүрүү потенциалы бар экенине белги берген президент: «Изилдөө-өнүктүрүү иштерин жүргүзгөн өнөр жай жана технология министрлигибиз бул темадагы бардык маанилүү изилдөөчүлөрдү жана уюмдарды чогултту»,-деп айтты.

Азиядан Батышка карай дүйнө биржаларынын баасы чоң жоготууга учураган мезгилде Түркиянын биржа жана улуттук акчасынын чоң туруштук бергенин баса белгилеген Президент: «Экономиканы башкаруучуларыбыз жана тийиштүү мекемелерибиз бардык иш дүйнөсүнүн талаптарын жана сунуштарын чогултуп даярдыктарын жасады»,деген маалыматты берди.

Президент Эрдоган андан соң бардык секторлорду кызыктырган «Экономикалык ырааттуулук калканы» аттуу 100 миллиард лиралык экономикалык пакеттин кеңирисин түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар