Путин Россиянын айрым макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө баа берди

Россиянын президенти Владимир Путин, Россиянын экономика боюнча расмий өкүлдөрү менен видеоконференция аркылуу жыйналыш өткөрдү.

1568649
Путин Россиянын айрым макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө баа берди

Россиянын президенти Владимир Путин экономикалык өнүгүүнүн алдындагы туруксуздук элементтери уланып жаткандыгын билдирди.

Владимир Путин, Россиянын экономика боюнча расмий өкүлдөрү менен видеоконференция аркылуу өткөргөн жыйналышта 2020-жылы өлкө экономикасындагы рецессия өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө караганда азыраак болгонун жүйө келтирди.

Өлкөдөгү айрым макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн 2020-жылдын аягында жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына чейинки мезгилдерге кайтып келгенин белгилеген Путин: «Экономикалык өнүгүүнүн алдындагы ыраатсыздык факторлору уланууда. Ал Россияда дагы, дүйнө жүзү боюнча дагы уланууда. Бул эпидемия, милдеттүү чектөөлөр жана глобалдык кызматташтыктын жана соода байланыштарынын бузулушунун кесепеттери»,- деди.

Экономикада керектүү чечимдерди өз убагында кабыл алуу керектигин айткан Путин: «Бул жалпы өлкө үчүн оң натыйжа берет. Биздин максат - макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү Россиядагы кризиске чейинки деңгээлге кайтаруу гана эмес, ошондой эле туруктуу өнүгүү жолуна кирүү»,- деди.

Россиянын экономикасы 2020-жылдын үчүнчү кварталында 3,6 пайызга төмөндөсө, Россиянын Борбордук банкынын эсептөөсүнө ылайык, 2020-жылдан тарта өлкөнүн экономикасы болжол менен 4 пайызга төмөндөшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар