Сабиха Гөкчен аэропорту январь айында жүргүнчү санын арттырды

Сабиха Гөкчен аэропортунан бул жылдын январь айында аткарылган каттам саны 18.942ге жетти.

1363247
Сабиха Гөкчен аэропорту январь айында жүргүнчү санын арттырды

Январь айында 2 миллион 935618 жүргүнчүнү ташыган Сабиха Гөкчен аэропорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда жүргүнчү  санын 177.772ге арттырды.

Мамлекеттик аэропортторду башкаруу боюнча башкы директорлуктун берген маалыматына караганда Сабиха Гөкчен аэропортунун каттамдары жана жүргүнчү саны жылдын биринчи айында артуу көрсөттү.

Аэропорттон январь айында 1 миллион 721.39зу ички каттамдар, 1 миллион 214. 579зу болсо тышкы каттамдан болуп жалпы 2 миллион 935.618 жүргүнчү саякат кылды.

Сабиха Гөкчен аэропортунан бул жылдын январь айында аткарылган каттам саны 18.942ге жетти.

Каттамдардын 11.335ши ички каттам, 7.607си тышкы каттамдардан аткарылды. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде жалпы 18.939 каттам аткарылган.



Тектеш кабарлар