Сакариядан 131 өлкөгө авто унаа экспорттолду

Экспорттун көлөмү өстү.

1256613
Сакариядан 131 өлкөгө авто унаа экспорттолду

 

Түркиянын авто унаа экспортунда локомотив шаарлардын арасында орун алган Сакария жылдын 7 айында 131 өлкөгө 3 миллиард 150 миллион 626 миң долларлык соода кылды.

Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрүнө караганда Стамбул, Кожаели, Бурса, Измир, Анкара жана Газиантептен кийин экспортто жетинчи орунда турган Сакариядан июль айында 511 миллион 383 миң долларлык тышкы соода ишке ашты.

Июнь айында 331 миллион 948 миң долларлык унаа саткан шаар, экспортун бул айда 54 пайыз көбөйттү.

Шаардан жылдын 7 айында жалпы 131 өлкө жана 11 эркин экономикалык аймакка 3 миллиард 150 миллион 626 миң долларлык экспорт кылынды.



Тектеш кабарлар