Стамбул аэропорту биринчи, Turkish Cargo төртүнчү

EUROCONTROLдун  22-28-июль күндөрүн камтыган статистикасына караганда Стамбул аэропорту күнүнө орточо 1327 каттам менен Европада эң көп каттам жасаган аэропорт болду.

1861490
Стамбул аэропорту биринчи, Turkish Cargo төртүнчү
Turkish Cargo.jpg

Стамбул аэропорту Европада эң көп каттам жасаган аэропорт болду.

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюму EUROCONTROLдун  22-28-июль күндөрүн камтыган статистикасына караганда Стамбул аэропорту күнүнө орточо 1327 каттам менен Европада эң көп каттам жасаган аэропорт болду.

Стамбул аэропорту EUROCONTROLдун «2022-жылдын 22-28-июль мезгили үчүн комплекстүү баалоо отчетунда» Париж Шарль де Голль жана Амстердам Схипхол аэропортторун артта калтырып, биринчи орунга чыкты.

Анталья аэропорту болсо 942 каттам менен тизмеде 8-орунду алды.

Бир тараптан Turkish Cargo эл аралык  "World Air Cargo Dataнын" июнь айындагы маалыматтарына караганда дүйнөнүн эң мыкты 20 абада жүк ташуучу фирмалардын арасында төртүнчү орунду алды. 

 



Тектеш кабарлар