Стамбул калкынын саны боюнча 131 өлкөнү артта калтырды
Стамбулдун калкынын саны өсүүдө.
Түркиянын эл жыш жашаган шаары Стамбул, 15 миллион 67 миң 724 кишиге жеткен калкы менен 131 өлкөнү артта калтырды.
Түркия статистика мекемеси менен БУУнун көрсөткүчтөрүнө караганда, 2018-жылы 82 миллион 3 миң 882 кишиге жеткен Түркиянын калкынын санынын 18,4 пайызын Стамбулдун эли түздү.
Стамбулдун калкынын саны 5 жылдын ичинде 907 миң 257 киши өстү.
Бул мезгилде калкынын саны 6,4 пайыз өсүп 15 миллион 67 миң 724 кишиге жеткен Стамбул 204 өлкөдөн 131ин артта калтырды.
Бельгия (11,5 миллион киши), Греция (11,1 миллион киши), Австрия (8,8 миллион киши), Швейцария (8,5 миллион киши) жана Болгария (7 миллион киши) сыяктуу өлкөлөр калкынын саны менен Стамбулду артта калтырды.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.