Стамбул май айында 33 айдын турист рекордуна жетти

Стамбул май айында 1 миллион 402 миң 366 чет элдик туристти тосуп алып акыркы 33 айдын эң көп туристи келди.

1849699
Стамбул май айында 33 айдын турист рекордуна жетти

 Стамбул май айында 1 миллион 402 миң 366 чет элдик туристти тосуп алып акыркы 33 айдын эң көп туристи келди.

Стамбул облустук маданият жана туризм директорлугунун маалыматтарына караганда шаарга келген чет элдик турист саны бул жылдын биринчи беш айында 5 миллион 284 миң 714 болду. Май айында Стамбулга 1 миллион 402 миң 366 киши келди.

Стамбулга келген чет элдиктердин арасында немистер 115 миң 635 турист менен биринчи орунду алды.

Немистерден кийин кезеги менен 98 миң 751 турист менен ирандыктар, 92 миң 455 турист менен орустар, 70 миң 733 турист менен  америкалыктар, 65 миң 243 турист менен британиялыктар, 57 миң 824 турист менен француздар, 46 миң 755 турист менен израилдиктер, 34 миң 816 турист менен ирактыктар, 34 миң 777 турист менен нидерландиялыктар жана 32 миң 204  турист менен өзбекстандыктар келди.



Тектеш кабарлар