Стамбул-Жапония учак каттамдары арттырылат

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Эрсой, Жапониянын саякат агенттиктери, медиа, иш, академия жана искусство дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен Эскишехирде басма сөзгө жабык жыйында жолугушту.

1266314
Стамбул-Жапония учак каттамдары арттырылат

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Стамбул менен Жапониянын ортосундагы күнүгө бир жолу болуучу каттам санын 4кө чыгарууну максаттагандарын айтты.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Эрсой, Жапониянын саякат агенттиктери, медиа, иш, академия жана искусство дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен Эскишехирде басма сөзгө жабык жыйында жолугушту.

Түркияга Жапониядан келген жылдык турист санын 2023-жылга дейре 500 миңден ашырууну максаттагандарына көңүл бурган министр Эрсой: «2019 Жапонияда Түрк маданият жылы» деп жарыяланышынан улам уюштурган иш-чараларынын абдан пайдалуу болгонуна басым жасады.

Эрсой, иш-чаралардын алкагында көп жылдардан кийин алгач ирет Түркиядан абдан маанилүү көргөзмөнүн жапондорго тартууланганын, Топкапынын чыгармаларынан турган бул көргөзмөнүн чоң кызыгуу көргөнүн эске салды.

Эрсой, көргөзмөнүн Түркиянын таанытылышы жагынан абдан таасирдүү жана ийгиликтүү болгонун айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы түздөн-түз каттамдардын санынын арттырылышынын турист санындагы өсүүгө да таасир берээрине токтолгон Эрсой, жапон өкмөтүнүн дагы колдоосу менен 2020-жылдын апрель айынан тарта Түрк аба жолдорунун Эл аралык Токио аэропорту Ханедага карай каттамдарына кошумча конуп-учуу уруксаты бериле турганына басым жасады.

Эрсой: «Жапония менен Стамбулдун ортосунда аптада 7, күнүгө бир жолу болгон каттам санынын чоң ыктымалдуулук менен 2020-жылдын ортолоруна дейре күнүгө 4 жолу каттамга чыккан болот»,-деди.

Жапонияда Түркияны абдан тааныта баштай тургандарын билдерген маданият жана туризм министри, Түркияга топ-тобу менен жапондорду чакыра тургандарын жана Түркиянын тарыхы жана археологиялык маданий баалуулуктарын өз көздөрү менен көрүп байкоо мүмкүнчүлүгүн камсыздай тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар