Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен" аэропортунан 8 айда 23,5 миллион жүргүнчү өттү

Стамбулдагы Эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропорту жылдын алгачкы 8 айында 23 миллион 502 миң жүргүнчүнү тосту.

1265561
Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен" аэропортунан 8 айда 23,5 миллион жүргүнчү өттү

Стамбулдагы Эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропорту жылдын алгачкы 8 айында 23 миллион 502 миң жүргүнчүнү тосту.

Стамбул «Сабиха Гөкчен» аэропортунун маалыматына караганда тышкы катттамдарды колдонгон жүргүнчү саны өткөн жылдын 8 айына салыштырмалуу 20 пайыздык өсүү көрсөтүп 9 миллион 156 миң кишиге жетсе, ички каттамда жүргрүнчү саны 14 миллион 346 миң деп белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен" аэропортуна 151 миң 865 учак конуп учту. Булардан 88 миң 478и ички каттамда учту, 63 миң 357си болсо тышкы каттамдарда учту жана конду.

Бир тараптан 2019-жылдын январь айынан тарта тышкы каттамдарда болгон жогорулоо август айында да уланды. Август айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу тышкы каттам жүргүнчүсү 18 пайызга өсүп, 1 миллион 442 миң болду.

Ошол эле мезгилде 21 миң 423 учак конуп учса, булардан 12 миң 83ү ички каттам, 9 миң 340ы болсо тышкы каттамга учту.

 



Тектеш кабарлар