Сыбиха: «Анталия "коопсуз туризмге" даяр»

Атайын сапар менен Анталияга барган Сыбиха губернатор Эрсин Языжы менен жолугушту.

1447667
Сыбиха: «Анталия "коопсуз туризмге" даяр»

Украинанын Анкарадагы элчиси Андрей Сыбиханын айтымында, Анталия "коопсуз туризмге" даяр.

Атайын сапар менен Анталияга барган Сыбиха губернатор Эрсин Языжы менен жолугушту.

Сыбиха, Анталия абдан кооз шаар; ал туризм гана эмес, айыл чарбасынын дагы маанилүү борбору экендигин баса белгиледи.

Кечээ Украинадан Анталияга учуулар башталганын эскерткен Сибиха мындай деди: «Анталияда коопсуз туризмге олуттуу даярдыктар көрүлүүдө, биз аны турист катары саякаттап, өз көзүбүз менен көрө алдык»,- деп айтты.

Көптөгөн мейманканаларда колдонулган 200 коопсуздук эрежелерин көргөнүн түшүндүргөн Сыбиха, дагы көп украиналыктардын Анталияга келип, бул жерде эс алуусун сунуш кылды.

Сибиха шаардын деңиз, абасы жана меймандостугу менен абдан кооз экендигин баса белгилеп, «Сиздин шаарда украиналыктар көп жана алар бирикмелерди түзүшкөн. Бул жерде жашаган украиналыктар бул жерди экинчи үй катары көрүшөт. Бул коопсуздукту камсыз кылганыңыз үчүн рахмат. Шаарга келген украиналыктар бардык эрежелерди сакташын каалайбыз», деген сөздөрдү айтты.

Губернатор Эрсин Языжы болсо, шаардагы мейманканалар пандемиянын бардык эрежелерин сактай тургандыгын жана бардык текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн айтты.

Ал: «Биз бардык сактык чараларыбызды көрдүк.  Ар кимди шаарыбызга күтүп жатабыз, биз Анталия катары даяр жана бекембиз»,- деди.



Тектеш кабарлар