ТИКАдан Кенияга заманбап инкубаторлор жана үй канаттууларды азыктандыруучу жайлар тапшырылды

ТИКАнын Найроби кеңсеси тарабынан Кениядагы айыл чарба жана мал чарба изилдөө мекемесинин(KALRO)  Какамега институтуна заманбап инкубаторлору жана үй канаттууларды азыктандыруучу жайлары тапшырылды.

1450770
ТИКАдан Кенияга заманбап инкубаторлор жана үй канаттууларды азыктандыруучу жайлар тапшырылды

 

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) Кениянын айыл чарба жана мал чарба илимий-изилдөө институтуна берген түркиялык жабдуулары менен өлкөдөгү эң заманбап инкубаторлорду жана үй канаттууларды азыктандыруучу жайларды курду.

ТИКАнын Найроби кеңсеси тарабынан Кениядагы айыл чарба жана мал чарба изилдөө мекемесинин(KALRO)  Какамега институтуна  төрт инкубатору, лабораториялык жабдуулары, инкубатор, вакуум насосу, желдетүү тутуму, өндүрүмдүүлүгү саатына 1 тонна азыктандыруучу машина жана генераторлордон турган Түркияда чыгарылган техникалык шаймандар тартууланды.

Тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн KALRO Какамега институтунун директорунун орун басары Др. Довикус Окутойи белгилегендей, үй породасы Киенежье канаттуулары өлкөнүн бул бөлүгүндө кеңири таралган, бирок тоют баасынын өсүшү жана коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) эпидемиясынын кесепетинен экономикалык стагнациянын натыйжасында өндүрүш төмөндөгөн.

Окутойи: «Жабдуулардын жоктугунан улам, биз узак убакыт бою керектүү лабораториялык анализдерди жасай алган жокпуз. Ушул себептен тоок тоюттарын өндүрүү жана тоок өндүрүү жагынан олуттуу кыйынчылыктарга туш болдук. Азыр бизде Батыш Кенияда эң заманбап лабораториялар, инкубаторлор жана тоют даярдоочу машиналар бар. Бул жардамы үчүн Түркия мамлекетине жана ТИКАга рахмат”,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматына ылайык, Кенияда калктын дээрлик жарымы иштеген айыл чарба тармагы ички дүң өнүмдүн 26 пайызын түзөт.



Тектеш кабарлар