TOGG февраль айында  электр унаа рыногундагы лидерлигин сактап калды

Түркияда февраль айында «толук электрдик» унаа сатуу саны 4 миң 713 болду.

2112383
TOGG февраль айында  электр унаа рыногундагы лидерлигин сактап калды

Түркиянын ата мекендик унаасы TOGG февраль айында  электр унаа рыногундагы лидерлигин сактап калды.

Түркияда февраль айында «толук электрдик» унаа сатуу саны 4 миң 713 болду.

Ата мекендик унаа TOGG 25,48 пайыз үлүшү менен базар лидерлигин сактап калды.

Электр унаа маркаларынын арасында өсүүсүн уланткан TOGG унаасынан февраль айында 1201 даана сатылды.

Тоггдон кийин 523 даана менен BMW, 510 менен Ssangyong, 321 менен Mercedes-Benz жана 281 даанасы менен Opel келди. Тесла февраль айында 75 сатуу менен тизмеде 11-орунду ээлеген.

Башка жагынан алганда, моделдик негизде карасак, TOGG T10X эң көп сатылган модель, Ssangyong Торрес экинчи, BMW 5 Серия үчүнчү, BYD Atto 3 төртүнчү, MG MG4 эң көп сатылган бешинчи модель болду.



Тектеш кабарлар